2015-жылдын 4-октябрында Лондондун убактысы боюнча эртең мененки саат сегизде Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин алдындагы 9038 номерлүү Шайлоо бекетинде Кыргыз Республикасынын гимнин аткаруу менен добуш берүү расмий башталды.

Элчиликтин алдындагы 9038 номерлүү Шайлоо бекети боюнча шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн расмий тизмесине 68 жаран катталган. Лондондун убактысы боюнча саат 18:00 гө чейин 22 жаран добуш беришти.

Добуш берүү өз ирети менен тынч абалда жана жакшы маанайда өтүүдө.

 

Print Friendly