Кыргыз Республикасынын Улуу Британияда убактылуу жашап аткан жарандарына «Биометрикалык маалыматты чогултуу туралуу» жарыя:  Урматтуу Мекендештер,  2015-жылдын 22 январындагы «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометриялык каттоо тууралуу» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги 2015-жылдын 20-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Улуу Британияда жана Түндүк Ирландияда жашап аткан жарандарынын биометриялык маалыматтарын чогултуу иш-чарасын баштагандыгын билдирет. Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүндө жүргүзүлөт – Жумуш күндөрү:  Дүйшөмбү күндөн Жума күнгө чейин саат 10:00дон 18:00го чейин; Дем алыш (майрам) күндөрү:  Алдын-ала Консулдук бөлүмгө кайрылып убакытты тактап-белгилеп жазылуу аркылуу биометрикалык маалыматты тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин байланыштарыбыз: Жумуштун телефону:  0044-207935-1462; Факс:  0044-207935-7449; Э-почта: mail@kyrgyz-embassy.org.uk Элчиликтиндареги: Ascot House, 119 Crawford Street, London, W1U 6BJ Биометриалык маалыматты тапшырууга Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту менен келүү зарыл. Биометриялык маалыматты топтоо, каттоо жана башка маалыматтар тууралуу кененирээк маалыматты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төмөнкү сайты: http://biometrika.srs.kg аркылуу билсеңиз болот.

Print Friendly