АКШ Мамлекеттик департаментинин «Адамукуктарынкоргоочу» сыйлыгы менен Азимжан Аскаровдун сыйланышы тууралуу КР ТИМнин билдирүүсү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги этностор аралык кармашууга алып келгендиги, массалык түрдө башаламандык уюштургандыгы, 2010-жылдагы июнь окуясынын жүрүүсүндө укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүүдө катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бардык соттук инстанциялары тарабынан соттолгон Кыргыз Республикасынын жараны Азимжан Аскаровду АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Адам укуктарын коргоочу” сыйлыгы менен сыйлангандыгы жөнүндө жаңылыкты Кыргыз Республикасы өтө таң калуу менен кабыл алгандыгын билдирет.

Жалпыга маалым болгон критерийлерге ылайык “Адам укуктарын коргоочу” аталган АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгы узак убакытта жана өлкө тарабынан репрессивдүү ченемдик шартында адам укуктарын коргоо ишинде каармандуу эмгегин жана лидерлик сапатын көрсөткөн уюмдарга же адамдарга берилет.

А.Аскаровдун жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге тийиштүүлүгү жөнүндө көп суроолорду жаратууда. 2010-жылы июнь айындагы этностор аралык кагылышуудагы анын иш аракеттерин укук коргоочу жана тынчтык орнотуучу  деп баалоого болбойт. А.Аскаров Кыргыз Республикасында адам өлтүрүүдө катышкан жана 2010-жылы июнда өлкөнүн түштүк тарабында этностор аралык кармашууга активдүү катышуучу катары кабыл алынат. Айрым бир өзүнчө жарандык активистердин жана чет өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн туура эмес иш аракеттеринин жыйынтыгында, ал адам Кыргыз элинин  биримдигинин эмес,  ыдырашынын символу болуп калган.

Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөнгө байланыштуу А.Аскаровду мындай жогору сыйлык менен сыйлоо биздин өлкөдө этностор аралык тынчтыкты бекемдөөгө каршы багытталган атайын иш аракет деп баалайт.

Кыргыз Республикасы АКШнын Мамлекеттик департаментинин бул сыйлыгы тийиштүү эмес учурда,  тийиштүү адамга эмес, тийиштүү эмес өлкөдө берилүүдө деп эсептейт, анткени Кыргызстанда укук коргоо ишмердиги  чектелбейт, тескерисинче көптөгөн укук коргоочу жана өкмөттүк эмес уюмдардын активдүү ишмердиги тастыктап тургандай өлкө тарабынан колдоого алынат. Демократиялык державалардын лидерлери, ошондой эле АКШнын Президенти Б.Обама тарабынан таанылгандай Кыргыз Республикасы демократиялык башкарууга ийгиликтүү өткөн аймактагы жалгыз гана өлкө.

Кыргыз тарабынын бекем ишеними боюнча А.Аскаровдун бул сыйлык менен сыйлануусу анын ишмердигин сыйлоо эмес,  мүмкүн анын этникалык таандыгы жана 2010-жылы июнь окуяларынын жүрүшүндө орун тапкан кылмышкердик иши боюнча соттолгон статусу менен шартталган. Соттук актылар менен А.Аскаровдун 2010-жылдын 12-13-июнунда Жалал-Абад облусунун  Базар-Коргон айылында массалык башаламандык уюштурууда активдүү катышкандыгы, Кара-Үңкүр суусу аркылуу өтүүчү көпүрөнүн жанында Бишкек-Ош стратегиялык жолду жабууну уюштуруучулардын бири болгондугу  тастыкталган. Башаламандыкта катышуучулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө 13 куралсыз укук коргоочулары ар кандай даражадагы дене жаракаттарына дуушар болушкан, ал эми участкалык милиционер М.Сулайманов ырайымсыздык менен өлтүрүлүп жана өрттөлгөн.

2010-жылдын 15-сентябрында, андан кийин 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын райондук жана облустук соттору А.Аскаровду жасалган кылмыштары боюнча күнөөлү деп таанышкан. 2011-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту соттук инстанциялардагы өкүмдөрдү күчүндө калтырган.

Эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн суранычтарын эске алуу менен, кыргыз тарабы эл аралык эксперттерди чакыруу менен тергөөнүн жүрүшүнүн мыйзамдуулугун жана соттук процесстердин негиздүүлүгүн текшерүүнү бир нече жолу демилгелеген. Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ишти кайра кароого маанилүү негиздер табылган эмес.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри А.Аскаровдун “Адам укуктарын коргоочу” наамы менен сыйланышын эл аралык терс резонанс чакыруу каражаты катары баалайт. Кыргыз тарабы муну өлкөдөгү элдин биримдүүлүгүн бекемдөө процессин жана тынчтыкка шек келтирген фактор катары карайт, жана мындай сыйлоолор азыркы күнгө чейинки өлкөнүн эли тарабынан чоң эмгек жана аракеттери менен ордуна тургузулуп жана бекемделип жаткан морт тынчтыкты бузуп жана этникалар аралык кагылышууга алып келиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирет.

Жогорку соттун чечиминен төрт жыл өткөндөн кийин бул сыйлыкты тапшыруунун убактысы да таң калтырат. Андан да таң калдыртканы бул сыйлык Кыргыз Республикасынын мурунку президенттери А.Акаевдин жана К.Бакиевдин башкаруу учурларында бир дагы укук коргоочуга тапшырылбагандыгы. Бул сыйлоону баары Бишкектеги “Манас” Эл аралык аэропортунан транзиттик өтүү борборун чыгаруу менен жана америкалык миссиянын убактылуу башчысы Ричард Майлздын дайындалуусу менен байланыштырышат.

Мамлекеттик департаменттин сыйлыктарынын бири 2011-жылы тынчтыкты жана элдин биримдүүлүгүн сактоо үчүн  күчүн жумшаган өлкө башчысы катары Р.И.Отунбаевага тапшырылса, ал эми 2015-жылы  АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын алган Кыргызстандын экс-президентинин убагында этностор аралык кагылышууларга алып келген араздашуучу иш аракеттерди ачык жүргүзгөндүгү үчүн соттолгон кылмышкерге берилгендиги карама-каршылыкты көрсөтүүдө.

Америка Кошмо Штаттары этностор аралык теманы колдонуусу менен эки тараптуу мамилелерге маанилүү жоготууларды алып келүүсү үчүн Кыргыз Репсубликасынын күнөөсү жок.

Жалпы демократиялык баалуулуктардын негизинде  көп жылдык жемиштүү кызматташууну эске алуу менен,  ички иштерге кийлигишпөө жана суверенитет принциптерин өз ара сыйлоону эсепке алуу менен Кыргыз Республикасы көп кырлуу жана толук кандуу кыргыз-америкалык өз ара иш аракеттерине көмөк көрсөтпөгөн америка тарабынан кабыл алынган чечимге каршылыгын билдирет.

 

Print Friendly