Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө чет өлкөлүк жарандар үчүн маалымат

 

Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соода коомдоштуктагы 121 өлкө менен соода-экономикалык мамиледе, анын ичинде 70 ашуун өлкө Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлөрү болуп саналат. КМШ өлкөлөрү менен соода жүргүзүү Кыргыз Республикасы менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы эркин соода тууралуу эки тараптуу Макулдашуунун негизинде жүрөт. Макулдашууда бажы алымысыз, эквиваленттик күчү бар салыктарысыз жана жыйымдарсыз, ошондой эле сандык чектөөлөрүсүз соода каралган.

Бир катар конкреттүү фактылар жана себептер болгондуктан, жыйынтыгында кирешелерин максималдаштырууну жана тобокелчиликти азайтууну каалаган айрым инвесторлор башка Борбордук Азиядагы өлкөлөрдү эмес Кыргыз Республикасын тандашат.

Алардын негизгилери төмөндөгүлөр: либералдык соода шарты, инвестицияны ар тараптуу коргоо, эки жолку салык тобокелчиликтен коргоо, салык салуу, капиталды жана кирешени чектөөсүз чыгаруу, эркин валюта алмаштыруу, ишмердикти жүргүзүүнүн төмөнкү деңгээлдердеги коромжулары, квалификацияланган жумушчу күч жана башкаруу органдарына түздөн түз чыгуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тарабынан акыркы жылдары жагымдуу инвестициялык алкакты түзүү жана өлкөгө инвестиция тартуу үчүн шарт түзүү боюнча чаралар колдонулду. Ошентип, 2014-жылы өлкө ичиндеги инвесторлорго олуттуу колдоо жана көмөк көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигине караштуу инвестицияны алдыга жылдыруу боюнча агенттиги түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын көбүнчө инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туристтик тармакка багытталат, анткени туризм Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Бул тармакты өнүктүрүү үчүн дүйнөнүн 61 өлкөсү менен визасыз режим жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген, ал жылына 2,5 миллиондон ашуун туристтерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Кыргыз Республикасындагы туризм

тармагындагы артыкчылыктуу багыттар

Эл аралык туризмди өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын башка Борбор – Азия аймактык өлкөлөрүнө салыштырмалуу артыкчылыгы төмөндөгүдө көрсөтүлгөн:

  • тоо лыжа туризмин, рафтингди, треккингди өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү экологиялык жактан ыңгайлуу, тоо аймактык табигый тоо жайыктары, киши буту баспаган жана өзгөчө кооз табияты;
  • спелеотуризмди өнүктүрүү үчүн бир топ ресурстар, 300дөн ашуун үңкүрлөр изилденген, алардын ар бири кандайдыр бир уламыш же сыйкырдуу окуялар менен байланышкан;
  • Өлкөнүн ар түрдүү жаратылыш-климатикалык жана тарыхый-маданий ресурстары ар кандай баадагы, узактыкта, ыңгайлуу даражалардагы, жайгаштыруу каражаттарга, жашына, колдонуу формаларында жана башкаларга эсептелген туристтик азык-түлүктөрүнүн эбегейсиз түрлөрүн түзүүгө мүмкүндүк берет.;
  • аймактын чоң эместиги туразыктын бир эмес эки-үч жана андан да көп аймактарды иштетүүгө мүкүндүк берет;
  • өлкөнүн Жибек Жолун тарыхый кабыл алуусу жана Бүткүл дүйнөлүк Жибек Жолу турунун Туристтик Уюмунун колдоосу;
  • кыргыз маданиятынын бай көчмөн каада-саллтары жана кыргыз элинин меймандостугу; туристтикти өнүктүрүү алкагындагы мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуусунун өсүшү.

Азыркы маалда Кыргыз Республикасынын туристтик секторунда Кыргыз Республикасынын туристтик азыгын өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу үчүн төмөндөгү өзгөчө багыттар такталган:

  • Курорттук-рекреациялык туризм
  • Тоо-окуя туризмижана альпинизм
  • Маданий-тануу туризми
  • Экологиялык туризми
  • Окуялуу туризми
  • Медициналык туризми

 

Чет өлкөлүк жарандар үчүн КР кирүү/чыгуу

жөнүндөгү маалымат.

Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамына ылайык чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жарактуу документтер жана визалар боюнча эл аралык байланыш үчүн ачылган мамлекеттик чек арада, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен башкалар каралбаса, өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында иштеп жаткан өткөрүү жайлары:

кыргыз-казакучастокторунда

– “Ак-Жол – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Ак-Тилек – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Токмок – автожол”, эки тараптуу, күнү-түнү;

– “Кенбулун – автожол”, эки тараптуу, күнү-түнү;

– “Кайыңды – темиржол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Чалдыбар – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Чон-Капка – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Каркыра – автожол”, эл аралык, мезгилдик  (май-октябрь), сутканын жарык мезгилинде.

 

кыргыз-кытай участокторунда

– “Торугарт – автожол”, эл аралык, сутканын жарык мезгилинде;

– “Эркеч-Там – автожол”, эл аралык, сутканын жарык мезгилинде.

 

кыргыз-өзбек участокторунда

– “Маданият – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Достук – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Кең-Сай – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

 

кыргыз-тажик  участокторунда

– “Кулунду – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Бор-Дөбө – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Кайрагач – автожол”, эки тараптуу, күнү-түнү;

– “Кызыл-Бел – автожол”, эл аралык, күнү-түнү;

– “Карамык – автожол”, эки тараптуу, сутканын жарык мезгилинде

 

Визасызрежимденпайдаланган чет мамлекеттинжараныжарактуудокументтерининбирибоюнчаКыргызРеспубликасынынаймагынавизасызкелүүгө, кетүүгө, транзит мененөтүүгө, биржерденэкинчижергебаруугажанаандаболуугамүмкүндүкалат. Бул чет мамлекеттердинжарандарыКыргызРеспубликасындаболгонучурда, эгердеалардынКыргызРеспубликасындатуруумөөнөтү 60 күндөнашпаса (Россия ФедерациясынынжанаКазакстанРеспубликасынынжарандарыүчүн 90 күн), чет өлкөгөбарууинсандыгынырастагандокументтерденбошотулат.

Жарандарына жеңилдетилген визалык режим каралган мамлектетердин жарандары (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №87 «Жарандарына карата жеңилдетилген виза каралган чет мамлекеттердин Тизмесин бекитүү жөнүндө» токтом) Кыргыз Республикасынын аймагына келүүдө жеке кайрылуулары боюнча алынган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө укуктуу.

 

Чек ара зонасына  кирүү

“Туризмди өнүктүрүү боюнчаКыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына болгон  тапшырмасы жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 10-мартындагы № 3889-V Токтомуна ылайык, туристтерди (колдонуудагы КР визасы бар) жана туристтик компаниялардын (тастыктоочу документери бар) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы  тарабынан  берилүүчү  уруксаты  жок,  КР Мамлекеттик чек ара кызматында күбөлөндүрүлгөн (кабарландыруучу) тизме боюнча бир жумушчу күндүн ичинде чек ара зонасына киргизүү ишке ашырылат.

Башка учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Кыргыз Республикасынын чек ара аймагында жана чек ара тилкемесинде чек ара шартын бекитүү жөнүндө” №362 Токтому менен колдонушат.

 

Чек ара аймагына кирүү

Уруксат документтери бар болсо, чек ара аймагына жана чек ара зонасына кирүүгө уруксатты Мамлекеттик чек ара кызматы  бир жумушчу күндүн ичинде карайт.

Мамлекеттик чек ара кызматынын  ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары,  ошондой эле  Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын келиши, кирүү/чыгуу эрежелери жана жарандардын өз ара барып келүү келишимдери жөнүндө кеңири маалыматтарды   Мамлекеттик чек ара кызматынын www.border.gov.kg. интернет сайтында таанышууга  болот.

Мамлекеттик чек араны кесип өткөн адамдардын даттанууларына  байланышкан маселелери боюнча   ыкчам чечимдерди кабыл алуу, коррупциянын келип чыгышына каршы күрөшүү, мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө укук бузуулар жана кылмыштардын алдын алуу максатында, өткөрүү жайларында күнү-түнү иштеген ишеним телефондору менен үч тилде (кыргыз,орус, англис) жазылган маалыматтык щиттер орнотулган, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар чек арачылардын аракеттерине өздөрүнүн даттанууларын  жана сын-пикирлерин   жогоруда көрсөтүлгөн сайтка  жөнөтө  алышат.

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара аркылуу

товарлардын бажы тариздөөсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке тараптардын товарларды жана унаа транспортун алып өтүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрында №976 токтому менен бекитилген Нускамасына ылайык (мындан ары Нускама)  жеке тараптар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүүдөгү товарларды бажы тариздөөсү тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жана салык салуу тартиптерин колдонуу менен ишке ашат.

Жеке тараптар жеке колдонуу үчүн каралган товарларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин жоболоруна ылайык жеңилдетилген тартипте алып өтүлөт.

Мындай товарларды тариздөө жөнгө салуу жана салык салуу тарифтик эмес ченемдерисиз жүргүзүлөт.

Нускаманын 2.1- пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары туруктуу жашоо орду бар  чет өлкөлүк жеке тараптар  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуусу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында бекитилген тизмеге ылайык жеке колдонууга зарыл болгон товарларды убактылуу киргизе алышат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара пункттарында баардык зарыл маалыматтар англис, орус, кыргыз тилдеринде такта орнотулган.

 

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасындагы “Туристтик мезгил” мөөнөтүн даярдоо жана өткөрүүдө туристтердин коопсуздугун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (КР ИИМ) камсыздайт.

КР ИИМ «Кордай»-«Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол» стационардык постунда Жол Кайгуул Кызматынын өткөрмө посттору коюлат. Ошондой эле туристтик мезгил учурунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызматын өтөө посттордун бекитилген дислокациясына ылайык унаа кузовунда ишеним телефону көрсөтүлгөн, видео каттоо жана сүрөт-видео каттосу бар байкоо каражаттары менен кайгуул унаа транспортунда гана болот.

Print Friendly