Кыргыз Республикасынын ТИМнин 2015-жылдын 27-февралындагы расмий билдирүүсү.

2015-жылдын 27-февралындагы Беларус Республикасынын ТИМнин билдирүүсү дагы бир жолу Беларус Республикасынын расмий органдары тарабынан Кыргызстанда өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан жаза алган кылмышкерлерди, анын ичинде Бакиев Жаныбекти, кандай жол менен гана болбосун жаап-жашырып, коргоо ниетинде экендигин тастыктап тургандыгы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өкүнүү менен белгилейт.

Расмий Минск, Беларус аймагындагы кыргызстандык кылмышкерлерди жаап-жашыруу көйгөйүн аралаштыруу керек эместигин Кыргызстандын ТИМги дагы бир жолу баса белгилеп кеткенге аргасыз.

Беларус тарабынын “мамлекеттин цивилизациялуулугу”, “өзүнүн жарандарынын укуктарын сактоо”, “адилеттүү укуктук коргоо” жана “укук коргоого болгон айрыкча мамиле” сыяктуу түшүнүктөргө шилтемелери таптакыр орунсуз эсептелет. Буга кошумча да болуп, дүйнөлүк коомчулукка белгилүү фактылардын негизинен түзүлгөн Беларус Республикасынын тийиштүү органдарынын адаттагы беделинин натыйжасында, бул өлкөнүн органдарынын жетекчилерин көбүнчө цивилизациялуу болгон дүйнө өлкөлөрү кабыл албастыгы эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин 2015-жылдын 26-февралындагы билдирүүсүндө беларус тарабынан эл аралык милдеттемелер аткарылбагандыгы үчүн тынчсыздануу белгиленген. Ал билдирүүдө Беларус тарабына эч кандай кемсинтүү мүнөздөмө жок, тескерисинче Беларус элине жана тарыхына сый урмат айтылып, ошондой эле издөөдө жүргөн адамдарды кайтарып жана экстрадиция кылуу боюнча көйгөйлөрдү түшүнүүгө жана конструктивдүү кызматташууга үмүт арткан.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Беларус Республикасы эл аралык милдеттемелерин аткарууга тийиш экендигин баса белгилейт жана дагы бир ирет беларус тарабын эки өлкөнүн элинин достугунун кызыкчылыгы үчүн  конструктивдик диалогго чакырат.

Print Friendly