Кыргыз Республикасынын ТИМнин2015-жылдын 26-февралындагы расмий билдирүүсү

 

Беларус Республикасынын аймагында оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан жарыяланган, Кыргыз Республикаынын жараны Анапияев Алмамбет Маматалиевичтин өлтүрүлгөндүгү жөнүндөгү фактыларга, ошондой эле бул кылмыш иши боюнча кармалган Кыргыз Респуликасынын жараны Гүлжигит Абилазизлвдун көрсөтмөлөрүнө байланыштуу, Бакиев Жаныбек Салиевичти жана башка издөөдөгү адамдарды кармоо, экстрадициялоо боюнча Беларус Республикасынын расмий органдарынын позициясына карата КР ТИМ өзүнүн терең тынчсыздануусун жана түшүнбөстүгүн дагы бир ирет билдирет.

Мындан мурун КРнын компетентүү органдары жарандык, үй – бүлөлүк кылмаш иштери жана башка эл аралык келишимдер  боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Конвенцияга ылайык, Беларус тарабы өзүнө алган милдеттерин ишке ашыруу керектиги жөнүндө өтүнүч менен Беларус Республикасынын мамлекеттик органдарына бир нече жолу кайрылып келген. Жогоруда айтылып кеткен Конвенцияга ылайык, “тараптар кылмыш жасаган адамды издөөгө, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана аларга карата тийешелүү өкүм жазасын аткарууга багытында жардам берүүгө милдеттүү”.

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө оор кылмыштарды үчүн сот тарабынан жазаланган Ж. Бакиев жана башка анын айланасындагы адамдар эл аралык издөөдө жүргөндүгүнө карабастан, Беларус Республикасында эркин жашап, ал аз келгенсип оор кылмыш жасап жаткандыгы боюнча Кыргыз тарабы өзүнүн өтө терең тынчсыздануусун билдирет.

Кыргыз тарабы, Беларус Республикасынын мындай позициясы эки өлкөнүн достук жана союздаштык мамилелеринин мазмунуна таптакыр жооп бербейт деп эсептейт. Ошондой эле, жакында “нормандиялык төрттүн” кезектеги самити өткөн “дүйнөлүк ишенимдин аймагы” ролуна талапкер болуп жаткан Беларус Респуликасы түздөн түз кылмышкерлерди жана кылмыш элементтерин жаап жашыруу жолун тандагандыгына өкүнүчүн билдирет.

Кыргызстан, эл аралык милдеттерге ылайык, жогоруда аталган кылмышкерди кармоо жана экстрадициялоо боюнча конкреттүү жана жыйынтыктуу чараларды көрүүгө Беларус тарабын кайрадан чакырып кетет.

 

Print Friendly